Бүгүн, 8-февралда "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы Ирлан Таалайбеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге маалымдаган ырчы сыйлыкты эмгегине жараша алганын айтат.
"Ирлан Таалайбеков кандайча сыйлык алды?" деп айткандарга карата айта кетейин. Бул сыйлыкты ырчылыгым үчүн эле алган жокмун. Албетте, ырчы болгонум да эске алынса керек, бирок 2 ыр үчүн берилген жок. Мен 4 жыл Мамлекеттик куурчак театрында музыка жазуучу болуп эмгектендим. Ушул убакыт аралыгында канча спектакль коюлуп, ага канчалаган музыка жазылды. Бул дагы билинбегени менен чоң салым экен. Ырларга аранжировка жасап жүрөм, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин 4-курсунда окуйм, анан да ырдап жүрөм. Демек, аткарган жумуштарым менен аз да болсо маданиятка өз салымымды кошуп жатам", - дейт ырчы И.Таалайбеков.