Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 15-17-февраль аралыгында эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалым болгондой, балбандар 8 салмак категориясында (57 килограмм салмакта, 62 кг, 68 кг, 74 кг, 82 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) медалдар үчүн күрөшөт.

Мелдешти уюштуруунун максаты - аталган спорт түрүн өнүктүрүү, курама командага күчтүү спортчуларды иргеп алуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан