Германия жана “Бавариянын” капитаны Филипп Лам карьерасын сезондун аягында жыйынтыктайт

Германия жана “Бавария” футбол клубунун капитаны Филипп Лам быйылкы сезондун аягында футболдон кетерин жарыялады. Бул тууралуу ал 7-февралда өткөн Германия Кубогунун “Бавария”-“Вольфсбург” оюнунан соң билдирди.

“Сезондун аягында футболдон кетерим чын. Азырынча “Бавария” командасында кызмат тууралуу ойлонууга эрте”, - деп билдирген “Бавария” клубунун маалымат кызматына.

33 жаштагы футболчу 17 жылдан бери “Бавария” командасында ойноп келет. Ал Германия курама командасы менен 2014-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Бавария” командасы менен 7 жолку өлкө чемпиону болуп, бир ирет Чемпиондор Лигасын жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aitbek.06
2017-02-08 17:49:00
2 жыл ойносо болмок экен
+1
islam14
2017-02-08 19:15:50
Пр защитада ойнойт беле?
+1
NARYNGRAD
2017-02-08 21:16:35
Немис машинасынын негизги моторлорунун бири эле, өкүнүчтүү, жок дегенде 2-3 жыл ойносо болмок.
+1
Lu4ano
2017-02-09 11:27:00
жок дегенде дагы бир сезон ойносо болмок екен еми Баварияга ламга окшогон оюнчу табылбайтго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан