2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүү иштерине аталган өлкө жумасына 500 миллион АКШ долларын коротууда. Бул тууралуу Катардын каржы министри Али Шарифа аль-Эмади маалымат булактарына билдирген.
"Каражат негизги деп саналган курулуш иштерине жумшалууда. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дагы ушундай таризде 3-4 жыл каражат сарпталат. Башкы максатыбыз - 2022-жылы Дүйнө биринчилигин татыктуу өткөрүп алуу”, - дейт министр.
Министрдин айтымында, мундиалды тосуп алууга жалпы 200 миллиардга жакын АКШ доллары сарпталат. Анын көпчүлүгү өлкөнүн инфраструктурасын оңдоо, жаңы жолдорду жана стадиондорду курууга керектелет.
Белгилей кетсек, Катар өлкөсү 2022-жылы Дүйнө биринчилигин алгачкы ирет тосуп алат. Мундиаль аталган өлкөнүн 7 шаарында 2022-жылы 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт.