Оштогу дарыкананын кампасы толугу менен күйүп кетти

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү дарыкананын кампасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 8-февраль күнү саат 21:58 чамасында келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 6 унаа тартылып, 23:33 чектөөгө алынган. Ал эми 00:48де толук өчүрүлгөн.

"Өрттүн кесепетинен "Сонун Фарм" ишканасына таандык дарыкананын кампасы толугу менен күйгөн. Ичинде дары-дармектер болгон. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

Буга чейин окурман SUPER.KG порталына Оштогу Тиричилик үйүндө дарыкана күйүп жатканын билдирген болчу.

Оштогу дарыкананын кампасы өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rukopashnik
2017-02-09 09:05:43
жаман эле болуптур,Кудай өзү сактасын үнсүз жооодон.
0
kamchatka
2017-02-09 09:19:46
Кудай сактасын жаман иш болуптур сонунфармдын жетекчилигине сабр берсин!
0
azamat.k
2017-02-09 09:20:02
Эми Ошто дарыларды кымбаттатып жиберишбесин,тиешелуу жерлер коз салып тургула.
0
Shaa-82
2017-02-09 09:28:22
Тилсиз жоо жаманда, эжеге сабыр берсин! Акча, байлык табылат негизи оздору аман болсун.
+2
baltabai
2017-02-09 09:53:10
Кудай сактасын
0
adi_ko.kg
2017-02-09 09:55:01
Кыйаматтын белгилери бул дагы. Баарына ынсап берсин
-1
-NURIK-
2017-02-09 16:19:15
Ушу жерге ишке кирейин дедим эле да кап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан