Жайыл районунда таанышын мылтык менен атып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү саат 21:00 чамасында Сосновка айылындагы Көк-Жар жайытында болгон. Анда Петровка айылынын 46 жаштагы тургуну А.А. жана мал карап чогуу иштеп жүргөн Азамат, 32 жаштагы К.Т. болуп спирт ичимдигин ичишкен. Кийин ортодо чыр чыгып, А.А. "Азаматты өлтүрөм" деп чатырдын сыртынан мылтык алып келип такаган. Аны алып коюуга аракет кылган К.Тны көкүрөккө атып, Азаматты башка аткан. Анын кесепетинен Азамат ошол жерден жан берген. Окуянын эртеси А.А. кылган ишин мойнуна алып, милицияга өзү келген. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.