2016-жылы англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунун футболкалары дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган. Чет элдик булактар маалымдагандай, “кызыл азезилдердин” 2 850 000 футболкасы сатылган. Экинчи орунда мадриддик “Реалдын” 2 290 000 футболкасы сатылса, үчүнчүдө “Барселона” - 1 980 000.
Эң көп футболкасы сатылган клубдардын ондугу:
1. "Манчестер Юнайтед" – 2 850 0002
2. "Реал" – 2 290 0003
3. "Барселона" – 1 980 0004
4. "Челси" – 1 650 0005
5. "Бавария" – 1 500 0006
6. "Арсенал" – 1 225 0007
7. "Ювентус" – 850 0008
8. "Ливерпуль" – 705 0009
9. ПСЖ – 685 00010
10. "Милан" – 650 000
Ал эми футболчулардын арасынан артында "Лионель Месси" деген жазуусу бар форма дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынат.
2016-жылкы сезондун көрсөткүчү менен алдынкы бешилтик мындайча:
1. Лионель Месси ("Барселона")
2. Криштиану Роналду ("Реал")
3. Поль Погба ("Манчестер Юнайтед")
4. Златан Ибрагимович ("Манчестер Юнайтед")
5. Месут Озил ("Арсенал")