Бишкекте 19 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы Лексус 470 эки унааны сүзүп, оодарылып кетти

Бишкекте 19 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы Лексус 470 эки унааны сүзүп, оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 8-февралдан 9-февралга караган түнү Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 19 жаштагы айдоочу Лексус 470 унаасы менен Абдрахманов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок жетишпей калып, Лексус GX жана Дайхатсу үлгүсүндөгү унааларды сүзүп оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Лексус 470 унаасынын ичиндеги 24 жаштагы кыз жана 18 жаштагы бала жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Текшерүү учурунда Лексус 470 унаасынын айдоочусунда өздүгүн аныктай турган эч кандай документтери болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
janat.kg
2017-02-09 11:34:45
Атасынын баласы апасынын баласы болуптурда
-3
Nevestkaa
2017-02-09 12:05:34
Лексусту кимдер минет аны баары билет тем более 19жашта болсо ,оозу кыйшык болсо дагы байдын уулу сүйлөсүн.МАИчилердин оозун майлап койсо болду иш бүттү.
-2
nur_zhoni
2017-02-09 14:06:45
Мен иштеп жугулиге жетбей журомго а бул болсо лексус айдайт эгер ушул лексусту озу иштеп мандай теери менен алганда катуу айдабайт эле
0
nur_zhoni
2017-02-09 14:08:10
24 жаштагы кызды салып алып кайда баратты экен
0
baltabai
2017-02-09 14:46:36
Лексус 470 чатак болуртурго
+2
kenjebek_a
2017-02-09 19:01:29
Дагы бир Арам тамактын баласы да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан