Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген Кытай жараны кармалды

Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Н.А. аттуу тургуну 2016-жылдын август айында таанышы 700 миң сомдон ашуун акчасын алып, кайра кайтарып бербей жатканын айтып 7-февралда арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Чүй облусунда жашаган С.Ф.Ч. аттуу 34 жаштагы Кытай жараны кармалган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenjebek_a
2017-02-09 12:46:19
Жанында жасалма паспорт жок бекен.
0
koozu
2017-02-09 13:00:25
Кытайларды депортация кылыш керек болуп калды. А то кытай басып кетти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан