"Элдик видео" бөлүмүнө "A’STUDIO - Только с тобой" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Aki-meki).
Орусиялык "A'Studio" тобу кечээ, 8-февралда "Только с тобой" ырынын клибин күйөрмандарына тартуулады. Режиссёр Евгений Курицындын идеясына ылайык, клипте алыскы арктикалык станцияда иштеген түгөйлөрдүн сүйүүсү чагылдырылган. Ал үчүн тартуучу топ атайын Норвегияга барып, карга оронгон жаратылыш коюнунда чакан фильм тартканга жетишишкен. Ал эми "A'Studio" тобу катышкан экинчи бөлүгү Орусиядагы токойлордун биринде тартылган. Суук, ызгаардуу аба ырайы, катуу шамал болгондуктан музыканттар абдан үшүп калышкан. Андыктан улам ысык чай ичип жылынууга туура келген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.