"Чаткал" чек ара тозотунда бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 7-февраль күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда "Ала-Бука" чек ара отрядына караштуу "Чаткал" чек ара тозотунда 26 жаштагы И.Т. аттуу аскер кызматкеринин кан басымы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Кан басымы төмөндөгөнү менен, абалы оор болгондуктан аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Маркумдун ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.