Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) 2017-жылы эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандардын жаңы рейтингин жарыялады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн 3 балбаны кирген.
Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 5-орунда.
58 килограммга чейинки салмак категориясы. Алдынкы бешилтик:
Ал эми эркин күрөш боюнча рейтингде Эламан Догдурбек уулу 70 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 4-орунда турат. Ошондой эле Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмакта 11-орунда турат.