Балиге саякат: "Тамашоучу" Калыбек Турдубаев экзотикалык жаныбарлар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Бали аралында эс алып жүргөн "Тамашоунун" SUPER.KG Кубогунда "Мыкты оюнчу" наамын жеңген Калыбек Турдубаев сафари-паркына барып, экзотикалык жаныбарларды жакындан көрүп келди.

"Буга чейин сыналгыдан көрүп келген жолборс, арстан, акула, крокодил, зебра, кенгуру, төө куштарды жакындан көрүп, жаныбарлардын дүйнөсүндө жүргөндөй эле болдум. Бүгүнкү күн эмоцияга бай болду. "Америка горкасы" делген аттракционго түшүп алып жүрөгүм оозума кептелбедиби (күлүп). Мени биздин Мухаммед Августин аттуу гидибиз коштоп жүрдү. Ал менден "Супер-Инфону" Балиде жарнамалайм деп логотип түшүрүлгөн футболканы белекке сурап алды", - дейт "тамашоучу" жигит Калыбек Турдубаев.

Бул убакта "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева жакындарына белек алып, жергиликтүү базарды кыдырып, мопедге минип, Нуса Дуа районундагы сейил бакта эс алды.

Балидеги эс алуу: Калыбек футболкасын чечип берди
Балиден салам! Салам, "Супер-Инфо"!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dilbaranurdinova
2017-02-09 19:42:16
Мееен аялынын ордунда болгонумда меесине чай кюп кетирмек элем
+2
abusait
2017-02-09 19:50:10
Саякат калып эле элдин баары бул баланын келинчегине кыжаалат. Кызыктын баары алдыда окшойт.. .
+12
Kunbeken
2017-02-10 13:58:30
abusait,)))
0
Adil706070
2017-02-09 20:25:53
Ал жерде экоо эле эмес да,коштоп барган баяндамачы,оператор бар дегендей.кеминде 4,5киши барышты ,андыктан ойду туздогуло жакшы ниет кылып.
+3
NES1380
2017-02-09 21:15:51
Ай ким билет..., ким билет..., мен Тамашоучу, сен студент...
+21
Seitbek.93
2017-02-09 21:47:58
бул ошо утканда айтты элего "мен уйлоном бара албайм,командадан бироосуго берем" деп.
айтып алып озу эле кеткенго
+13
Munish
2017-02-09 23:42:34
Seitbek.93,сулууну коргондо эчкимге бергиси келбей калса керекда))))))
+8
Pandora
2017-02-10 00:28:08
Seitbek.93,Менда Калыбектин ордунда болгондо уйлонбой жмес турмушка жаны чыксамда бармакмын.
Мындай шанс ар дайым эле,ар бир адамга келе бербейт.Ал эми атайын озум акча чыгарып бармак эмесмин,андан башка нерселер толтура.Жети атамдын буту баспаган жерге мен басып турсам кандай сонун болмок.
+4
baltabai
2017-02-09 22:32:27
Jakynda kalybek kyrgyzstanga ХХХ
-2
admin_portal
2017-02-10 09:15:37
baltabai, порталдын эрежелерин сактаңыз!
+1
1Adilet1
2017-02-10 07:53:05
Менин эжем күйөсү болсо ооо эжем мээсине сорпо кайнатмак.. (бйкуш жездем кантип чыдап жүрөт билбейм:(.)
0
admin_portal
2017-02-10 09:13:53
Kakaly,кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган билдирүү калтырууга тыюу салынат! 3 күн БАН!
+1
admin_portal
2017-02-10 09:17:20
mambo-1984, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
ziash85
2017-02-10 09:49:12
Аялы ишенген үчүн жиберди да, балким аялы өзү жибергендир
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан