Сууда сүзүү боюнча 9 жолку Олимпиада чемпиону, америкалык суучул Марк Спитц 67 жашка толду. Ал 1950-жылы 10-февралда АКШнын Калифорния штатындагы Модесто шаарында туулган. Спорттук карьерасы 1965-жылдан 1972-жылга чейин уланган. 33 ирет дүйнөлүк рекорд коюп, 1969, 1971 жана 1972-жылдары "Дүйнөнүн мыкты суучулу" аталган. 1967-жылы Канаданын Виннилег шаарында өткөн Тынч океанынын чемпиондугунда 5 алтын медаль тагынган. Ал эми 1965 жана 1969-жылдары Маккавей оюндарында 10 алтын медаль утуп алган. 1968-жылы Мехикодо өткөрүлгөн Олимпиада оюндарында 2 алтын, 1972-жылдагы Мюнхендеги Олимпиада оюндарында 7 алтын медаль менен сыйланган. 22 жашында профессионалдык спорттон кеткен.
10-февралга карата жылнаама.