Японияда өтө турган Кышкы Азия оюндарында Кыргыз мамлекетинин желегин хоккейчи Аман Эсен уулу көтөрүп чыгат

Бүгүн, 10-февралда Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өтүүчү Кышкы Азия оюндарына катыша турган кыргыз спортчуларын узатышты. Анда хоккей курама командасынын капитаны Аман Эсен уулуна Кыргыз өлкөсүнүн желеги тапшырылды. Ал аталган оюндардын ачылышында Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыгат. Агенттиктин өкүлдөрү спортчуларга даярдалган формаларды берип, жетекчиси Канат Аманкулов аларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекетинин атынан Кышкы Азия оюндарына хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан 33 спортчу катышат. Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samat-89-kg
2017-02-10 17:18:24
Уят кылышпаса эле болду. Спортчулар бир Жака кетип атышыптыр десе эле менде журок жок калчылдап.. Ийгилик.
+5
sheralievic...aza
2017-02-14 19:39:41
Хоккейчилер алтын апкелет буюрса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан