ЖЫЛНААМА, 11-ФЕВРАЛЬ: 37 жыл мурун айтылуу "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасынын бет ачары болгон

Мындан 37 жыл мурун, 1980-жылы 11-февралда режиссёр Владимир Меньшовдун "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасынын бет ачары болуп өткөн. Фильмдин сценарийи Валентин Черныхка таандык. Анда башкы ролдорду Вера Алентова (Катерина), Алексей Баталов (Гоша), Ирина Муравьёва (Людмила), Раиса Рязанова (Антонина), Наталья Вавилова (Александра), Александр Фатюшин, Борис Сморчков, Олег Табаков аткарышкан.

"Москва көз жашка ишенбейт" фильми бүткүл СССРдин, жакынкы чет өлкөлөрдүн, Европа жана Американын кинотеатрларында коюлган. Тасманы 100 өлкө сатып алганын жана биринчи эле жылы аны 90 миллион адам көргөнүн статистика билдирген. "Мосфильмдин" почтасына мүшөк-мүшөк каттар келип түшкөн. АКШда 12 айдын ичинде 2,5 миллион доллардык киреше топтогонго үлгүргөн тасма 1981-жылы Американын кино жаатындагы эң престиждүү сыйлыгы болгон “Оскарды” “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” номинациясы боюнча жеңип чыккан. “Москва көз жашка ишенбейт” деп дүйнөнүн эң чоң өлкөлөрүндө афишалар илинип, эң мыкты кинотеатрларда бет ачарлар башталган.

11-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2017-02-12 01:30:32
Мен, улам улам көрүүдөн жадабайм... Аябай жагат да.
+1
nurikkg1
2017-02-12 03:32:24
Чындыгында ишенбейт Москва
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан