Бүгүн, 11-февралда Аламүдүн районундагы Стрельников айылында окуучулар үчүн "Баары лыжага-2017" аттуу спорттук майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага мектеп окуучулары, мугалимдер, райондук администрация өкүлдөрү жана башкалар катышты. Анда окуучулар жылгаяк тээп, аркан тартыш жана башка оюндарды ойноп көңүл ачышты. Кар киши жасоо, аркан тартыш, чуркоо боюнча сынак уюштурулуп, соңунда жеңүүчүлөргө атайын белектер берилди.
Окуудан сырткары спорт менен алектенүү зарыл экендиги, ден соолукка жаштайынан кам көрүү керектиги тууралуу айтылып, мугалимдер окуучуларга иш-чарада көңүлдүү эс алып кетүүнү каалашты. Түшкү тамактануу учурунда ар бир катышуучуга ысык чай, тамак-аш берилип, баары үйлөрүнө көңүлдүү тарашты.