Мушкер Роман Садыржан уулу Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду алды

Казакстандын Атырау шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда кыргызстандык Роман Садыржан уулу 1-орунду алды. Маалым болгондой, финалда мекендешибиз 52 килограмм салмактагы казакстандык Баккожа Анаятуллаев менен беттешип, утуп алды. Дагы бир мекендешибиз Сергей Паренко 91 килограммдык салмакта күч сынашып коло медалга татыктуу болду. Айта кетсек, мелдешке 10 өлкөдөн барган мушкерлер катышты жана таймаштар 25-апрелде башталып, 29-апрелде соңуна чыкты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zarlyk2211
2013-04-30 16:13:54
азамат.ушундай мушкерлер коп-коп болсо.
0
nazira1989
2013-04-30 22:27:32
Азаматсынар,спортту колдошубуз керек оо чондор,силерге да парламенттен чыгып чуркап коюуу жаман болбос!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан