Учурда "Тамашоунун" 5-сезонунун чемпиону "Моника Беллуччи" командасы 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата жеке концертине кызуу даярданып жаткан кези. Аталган команданын капитаны, актёр, сценарист, режиссёр Бакыт Осмонканов концерт эксклюзивдүү тамашалар менен коштолорун SUPER.KG порталына билдирди.
"Көп жылдан бери чоӊ сахнага чыга элек болгондуктан толкундоолор болуп жатат. Даярдыктардын баары сонун. Бул концертте жапжаӊы тамашалар, жаӊы ой, идеялар көрсөтүлөт. Андыктан күйөрмандар көӊүлдүү эс алып, маанайлары көтөрүӊкү кетет деп ишенебиз", - деп билдирди "тамашоучу".
"Моника Беллуччинин" концертке даярдыгын бул жерден көрүӊүз.