ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү шоумен, юморист жана телеалпаруучу Гарик Мартиросян 43 жашка толду

Атактуу Армения жана орусиялык шоумен, юморист, телеалпаруучу Гарик Мартиросян 43 жашка толду. Ал 1974-жылы 13-февралда Армениянын борбору Ереван шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң өз каалоосу менен Ереван Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетинин невропатология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды аяктаган соң кесиби боюнча үч жыл эмгектенген.

Гарик Мартиросян 1993-жылдан тарта "Жаңы армяндар" деп аталган КВНчилер командасына кошулган. Өзүнүн тамашакөйлүгү, акылдуулугу, ойлоп тапкычтыгы менен тез эле бул топтун капитаны болууга да үлгүргөн. Анын Москвага келишинин бирден бир себеби да КВН оюндары болгон. "Жаңы армяндар" командасы Жогорку лигага 1996-жылы биринчи жолу катышып, Гарик бул жерден КВНдин "атасы" Александр Масляков менен таанышкан. Кийинки жылы бул команда Сочиде өткөн Жогорку лиганын жеңүүчүсү болуп табылган. Таланттуулугу менен башкалардан айырмаланган Гарик Мартиросянды СССРдин КВНчилер курама командасына чакырышкан жана бул топ аркылуу белгилүү юморист теледүйнөсүнө аралаша баштаган. Көп өтпөй КВН оюндары аркылуу жүзү элге бир аз да болсо таанымал боло түш­көн Гарик СТС каналында Игорь Угольников менен биргеликте "Кутмандуу кечиңиздер менен" деген ток-шоу берүүсүн алпарат. Ушундан кийин өзүнүн кү­чү­нө ишенген телеалпаруучу элдин көңүлүн көтөргөн өзүнүн автордук тамашалуу теледолбоорун түзүүнү пландаштырган. Жыйынтыгында, 2003-жылы көпчүлүк сүйүп көргөн тамашалуу "Comedy Club" берүү­сү пайда болгон. Гариктин өзүнүн айтымында, бул теледолбоордун экранга чыгышына Максим Галкиндин жана Валдис Пельштин берген жардамдары чоң. "Минута славы" телеберүүсүндө Г.Мартиросян өзүн алгачкы жолу телеалпаруучу катары сынап көргөн. 2008-жылдан 2012-жылга чейин "Прожекторперисхилтондун" алпаруучуларынын бири болгон.

Жеке жашоосу

1997-жылы Сочи шаарында өзүнүн күйөрманы, юрист Жанна Левина менен таанышып, бир жылдан кийин ал менен сүйүү мамилесин кура баштаган. Үйлөнүү тою Кипрде өтүп, 2004-жылы Жасмин аттуу кыздуу болушуп, 2009-жылы экөөнүн ортосунда Даниэль аттуу уулу төрөлгөн.

13-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан