Футзал боюнча Суперлиганын чемпиондугу үчүн күрөшө турган командалар белгилүү болду

12-февралда футзал боюнча өлкө биринчилиги – Суперлиганын тайпалык оюндары жыйынтыкталды. Жалпы 9 команда ат салышкан мелдеште алдыңкы 4 орунду алган командалар жарым финалга чыгып, эми чемпиондук үчүн өз ара ойношот.

16 оюндун жыйынтыгында “Мурас” (Ысык-Көл облусу), “EREM” (Ош), «Алга» (Бишкек) жана «Востокэлектро» (Нарын) командалары жарым финалга чыга алышты.

Биринчи жарым финалдык оюнда «Мурас» «Востокэлектро» командасы менен ойносо, “EREM” «Алга» менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2017-02-13 14:00:14
4 команда баарына ийгилик
+1
Turdakun85
2017-02-14 01:31:21
Урматтуу админ ушул супер лигага кандай кылып командабыз менен катышсак болот финалдык оюндар бүткөндөн кийин кайра башалабы билип бере аласыздарбы
0
snejinka
2017-02-14 09:49:07
Turdakun85, даяр команда бар деп, федерацияга футбола КР кайрылып катталышыңыз керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан