"Даңазалуу кылым" сериалында Мехметтин ролун аткарган түркиялык актёр Гүрбей Илери 29 жашка толду. Ал 1988-жылы 13-февралда Стамбул шаарында төрөлгөн. Гюрбей окууну аяктаган соң актёрдук чеберчилик боюнча курстарга катышкан жана Бейкент университетин аяктаган. "Arka Sıradakiler", "Ayakta Kal", "Kalbim seni seçti", "Kaderimin yazıldığı gün" аттуу фильмдерге тартылган. 2012-жылы "Даңазалуу кылым" сериалына шахзаада Мехметтин ролуна чакырылган. Актёр бул ролу үчүн 8 килограммга арыктап, спорт менен алектенген.
Актёр учурда бойдок. "Даңазалуу кылымда" Айбиге-хатундун ролун аткарган актриса Эзги Эйүбоглу менен 2011-жылдан 2013-жылга чейин сүйүү мамилесинде болгон.
13-февралга карата жылнаама