Британиялык ырчы Адель "Hello" ыры менен "Жылдын ыры" номинациясында "Грэмми" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.
"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи Калифорния штатындагы Лос-Анжелесте 12-февралда өткөн.
Адель менен биргеликте бул категорияда Бейонсе (Formation), Жастин Бибер (Love Yourself), Майк Познер (I Took a Pill in Ibiza) жана Lukas Graham тобу (7 Years) ат салышкан.
Ошондой эле Аделдин "25" аттуу альбому "Жылдын мыкты альбому" жана "Мыкты поп-альбом" номинацияларын утуп кеткен. "Hello" ыры "Жылдын мыкты жазмасы" номинациясында да алдынкы орунду алган. Мындан тышкары, ушул эле ыры менен ал "Мыкты жеке поп-аткаруучу" категориясында жеңишке жетише алган.
Америкалык хип-хоп-артист Chance the Rapper (Ченс Рэпер) "Грэмми" сыйлыгын "Мыкты жаңы аткаруучу" катары жеңди. Канадалык хип-хоп-аткаруучу Дрейк "Грэмми" сыйлыгына "Мыкты рэп-ыр" номинациясында ээ болду. Бейонсенин "Lemonade" альбому "Урбан стилиндеги мыкты альбом" деп аталган. Сыйлык алар алдында кош бойлуу Бейонсе 2 ырды аткарган.
"Мыкты музыкалык тасма" категориясында "The Beatles: Жумасына 8 күн" документалдуу тасмасы жеңген. Ал эми Жон Уильямстын "Жылдыз жоокерлери: Күчтүн ойгонушу" тасмасына жазган саундтреги "Мыкты саундтрек" деп табылган. Жастин Тимберлейктин "Тролли" мультфильминде ырдалган "Can't Stop the Feeling!" ыры "ТВ жана медиага жазылган мыкты ыр" номинациясында сыйлыкка ээ болгон.