“Лестер” Англиянын тарыхындагы эң алсыз чемпион саналууда

Футбол боюнча учурдагы Англиянын чемпиону “Лестер” быйылкы сезондо Премьер-Лиганын тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч көрсөткөн чемпион команда саналууда. 2016-жылдын башкы жомогуна айланган Клаудио Раньеринин шакирттери 25-турдан кийин 21 упайы менен 17-орунда гана келе жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Жаңы 2017-жылы “Лестер” жалпы 5 оюн өткөрүп, бардыгында тең жеңилүү ызасын тартышкан. Жейми Варди жана анын командасы аталган беттештерде бир да гол киргизише элек. Анын акыркысы, кечээ 12-февралда орун алып “Суонси” командасына 2:0 эсебинде утулушкан. Белгилей кетсек, 24-февраль күнү “Лестер” Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында “Севилья” менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ulan2601
2017-02-13 15:16:10
УЕФАны кокус утуп калса Лестер дагы сенсация жаратмак
+7
Seryi-Kardinal
2017-02-13 15:19:15
byltyr chelsi dele uwundai bolgon
+1
Dybala.
2017-02-13 15:22:48
Лига Чемпионов утпайтко дейм буларда бир гана кубок Англияда мумкунчулук бар
0
Nur1k
2017-02-13 15:40:14
Dybala., Англияда кайдагы мумкунчулук? Челси, тоттонхем, ливерпульдан ысссык салам)
-2
Zynk.kg
2017-02-13 17:44:07
Dybala.,былтыры айткан болчу баары кантип эле чемпион болсун деп топ тоголок.
0
Ulan2601
2017-02-13 15:43:28
АПЛ ушунусу менен кызыктуу кутулбогон окуялар болуп турат
+4
Dybala.
2017-02-13 15:49:57
кубоктон 1.8 чыгыштыда мумкунчулук болуп калат
0
Ronaldo.99
2017-02-13 15:59:47
Лестер алга
+1
Nurgazy80
2017-02-13 16:42:02
Өтө кызыл бат оңот дегендей болушуп атат.
0
Nusi..91
2017-02-13 17:03:33
Булар былтыркы жакшы оюнчуларын сатып салыптыр да ошого слабый азыр.
0
MICROP
2017-02-13 17:55:06
Байкуштар, былтыркы сенсацияларын быйыл тескери коюп жатышатко. Бу кетиште 2-лигага ыргышат)))
0
DE_BRUYNE17
2017-02-13 22:03:43
"Севилья", "Лестердин" айласын кетирет ко, мындай кетиште 1/4кө чыга албайт, 2-лигага ыргыйт.Же жаңы машыктыруучу алыш керек. Кечээ, Суонсиден утулду. Биринчи таймда 2 гол откоруп алды экинчи таймда жакшы ойноду.Суонсинин тренери мыкты экен жаны келген. Ливерди утту,саутгемтонду, лестерди утту!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан