Кош бойлуу Бейонсе "Грэмми" сыйлыгында шоу тартуулады (фото)

Америкалык белгилүү ырчы Бейонсе кош бойлуу экенин тастыктагандан кийин "Грэмми" музыкалык сыйлыгынын уюштуруучулары ырчы аземге катышуудан баш тартышы же эч кандай шоу көрсөтпөшү мүмкүн деп чочулап жатышканы тууралуу чет элдик басылмалар буга чейин жазып келишкен. Бирок бул чочулоолор кечээ, 12-февралда жокко чыккан. Бул ирет ал сыйлык алуу боюнча алдыга чыга албаса да, өзгөчө номери менен эсте калган.

Кечеде Бейонсе "Love Drought" жана "Sandcastles" аттуу эки чыгармасын аткарган. Көнүмүш бийден бул ирет баш тартууга туура келген. Ал сахнага ачык көйнөк менен чыгып, бийчилердин коштоосу менен чалкалаган отургучта отуруп ырдап, коопту трюк аткарган. Мындан тышкары, ырчынын сахнадагы апасы жана кызы Блу Айвинин голографиялык сүрөтү да көрк кошкон.

2017-жылы Бейонсе "Мыкты музыкалык видео" ("Formation") жана "Lemonade" альбому "Урбан стилиндеги мыкты альбом" номинациясы боюнча 2 сыйлыкты алып кетти.

Кош бойлуу Бейонсе сахнада укмуш шоу көрсөттү
Кош бойлуу Бейонсе сахнада укмуш шоу көрсөттү-2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sezimka27
2017-02-13 19:05:12
чатакго
0
Respect.
2017-02-13 20:01:35
Боюнда болгондон кийин аял деген ХХХ!
+7
admin_portal
2017-02-14 09:53:56
Respect., этика нормаларын сактаңыз!
0
nurai8894
2017-02-13 21:35:39
Азамат!аман эсен коз жарып алсын.
0
Aima94
2017-02-13 21:43:48
Классно. Биздикер мындай денгээлге жеткиче бул жашоодо калбайбыз))) Тойлоп журушуп нормальный ырчы жок! Улантып кете турган! Айтматов жазгандай ырчынын баары тойдун думанасы! (Тоолор кулаганда китебинде)
+3
Sveta23
2017-02-13 22:38:08
Aima94,эмне биздикилер да ушинтип жылаңач чыгышсынбы кош бойлуу кезинде. Ансыз деле буларды туурайбыз окшошпосо да оюна келгенин жасап атышат. Ар ким өз элинин жеринин маданиятынан адеп ахлагынан чыкпаш керек деп ойлойм
+1
Samat-89-kg
2017-02-13 21:54:52
Кокуй кантет.
+2
ashuular_plus
2017-02-13 22:05:08
Эми буларга эмне кылса деле жараша берет, биз дейсинерби, курсакты торсойтуп жургондон уялып торт-беш балалуу болгуча эле ичибизди катып жургон.
0
zafar.kgz92
2017-02-14 01:07:25
Европанын аялдары ушундай да буларда намыс деген жок ачыктан ачык аял кишинин аял кишидей болгону жакшы!
+2
Kuyruchuk_25
2017-02-14 04:28:09
Бизге эмне ,мага демектен жыланач чыксын !!!!
+3
KubaToV
2017-02-14 04:40:08
"Артист" дейт элге кызык нерсе коргозойн деп атат да бул дагы! Еще 81инчи жылкы 36 жаш ушуну "Артист"дегиле! Фольклер ырдап гипкичинекей эле кыздар зериктирип же коргун келбейт еще. Артисттин жашоосу тиргилиги башка болот да! Мага жакты чынын айтсам шоу кордум тим эле!
+1
admin_portal
2017-02-14 09:55:15
bond02, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
jazgul0191
2017-02-14 12:50:53
Ар кимдин озунун иши да ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан