ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү орусиялык ырчы Юлия Савичева 30 жашка толду

Белгилүү орусиялык ырчы жана актриса Юлия Савичева 30 жашка толду. Ал 1987-жылы 14-февралда Орусиянын Курган шаарында туулган. 5 жашынан эле хореографиялык "Светлячок" деген аталыштагы коллективде ырдап жүргөн. Биринчи жолу 4 жашында чоң сахнага Макс Фадеевдин "Конвой" деген рок-группасы менен чыккан. Юлияны элге тааныткан ырлары "Корабли" жана "Высоко". "Высоко" деп аталган ыры 2003-жылы "Песня года-2003" фестивалынын финалына чыккан. Орусиянын эстрада ырчысы Юлия "Фабрика Звёзд-2" теледолбоорунун жана "Евровидение-2004" сынагынын катышуучусу. 2009-жылы "Алгачкы сүйүү" сериалында башкы каармандын ролун аткарып, кинодо дебют жасаган. 2010-жылы орус рэпери Джиган менен "Отпусти" ырын аткарып, көпчүлүктүн сүйүктүү ырына айланган ал чыгарма бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

2009-жылы журналисттер Ю.Савичева продюсери Александр Аршинов менен жарандык никеде 16 жашынан бери жашайт деп жазып чыгышкан. 2014-жылы экөө үйлөнүшкөн.

14-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан