"Алга" футболдук клубу Бангладеште өтүүчү эл аралык турнирде ойнойт

"Алга" футболдук клубу Бангладеште клубдар арасында өтүүчү турнирде ойнойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэрия бүгүн, 14-февралда билдирди.

"Алга" футболдук клубунун оюнчуларын Шейх Камалдын кубогунун эл аралык клубдук тунирине узатуу иш-чарасы өттү. Матч 18-февралдан 1-мартка чейин уланмакчы.

"Силер спорттук чеберчилигиңерди жогорку деңгээлде көрсөтөрүңөргө үмүттөнөбүз. Кыргыз туусу менен чыгуу сыймык. Баарыбыз футболчуларыбыздын ийгилигин күтөбүз", - деген Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Мелис Жунушалиев.

Клубдун башкы тренери Александр Бельдиновго Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын туусу тапшырылды. 29 спортчу эртең Бангладешти көздөй бет алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aytur
2017-02-14 12:33:36
ХХХ?
Алга ийгилик!
0
sheralievic...aza
2017-02-14 13:47:19
Аллынкы 5 тикке кирсенер кубок алгандай тосуп алат кыргыз эли
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан