ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: "Фабрика звёзд" аркылуу атактуулукка жеткен орусиялык ырчы Ирина Дубцова 35 жашка толду

"Фабрика звёзд-4" телешоусунун жеңүүчүсү, орусиялык ырчы жана бир топ хит ырлардын автору Ирина Дубцова 35 жашка толду. Ал 1982-жылы 14-февралда Орусиянын Волгоград шаарында төрөлгөн. Ырчы, акын гана эмес обончу дагы. Алгач "Hijo De La Luna" деп аталган ырды аткарып, 2004-жылы болуп өткөн "Фабрика звёзддо" өзүнүн калеминен жаралган "О нём" деген аталыштагы ыры менен таанылган. Кийинчирээк ал "Фабрика звёзд. Возвращение" телеберүүсүнүн финалына чыгып, "Х-Фактор" телевизиондук долбоорунун мурдагы калыстар мүчөсү болгон.

2004-жылы 29-майда "Plazma" тобунун солисти Роман Черницын менен баш кошкон. 2006-жылы экөө Артём аттуу уулдуу болуп, бирок эки жылдан соң ажырашып кетишкен. Ирина Дубцованы орусиялык журналисттер Тигран аттуу жеке ишкер менен, андан кийин музыкант жана ди-джей Леонид Руденко менен сүйүү мамилесинде болгон деп жазып чыгышкан.

14-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан