Ырчы Ирлан Таалайбеков бүгүн, 14-февралда 28 жашка толду. Аны куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн үй-бүлөсүнүн жанында белгилеп жатканын айтты.
"Биринчи болуп саат 00:00дө апам чалып каалоо-тилегин айтып, өздүк майрамым менен куттуктады. Андан тышкары социалдык тармактардагы досторум жылуу сөздөрүн арнап, кубандырып жатышат. 30 же 25 жаш болбогондуктан, тегерек дата эмес да, балдарым, жубайым менен чакан кылып белгилейин деп жатам", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, И.Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Сахнага "Окуучу кыз", "Кош бол" жана Мирбек Иманбеков менен "Аппак таң" ырын дуэт ырдап чыгып, угармандардын сүймөнчүгүнө татыган. 2017-жылдын 8-февралында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
14-февралга карата жылнаама