Топ-Лиганын чемпиону “Алай” клубуна чемпиондук кубок тапшырылды

Бүгүн, 14-февралда Ош шаарында Топ-Лиганын 2016-жылдагы чемпиону “Алай” футбол клубунун машыктыруучулары жана футболчулары сыйланды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.

Аталган иш-чарада Футбол федерациясынын вице-президенти Канатбек Маматов “Алайдын” футболчуларына чемпиондук кубок жана медалдарды тапшырып, АФК Кубогунда татыктуу оюн көргөзүшүн каалады.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы Топ-Лигада чемпиондукту Ош мэриясына караштуу "Алай" футболдук клубу камсыздаган. Ал эми 2-орунду бишкектик "Дордой" ээлесе, коло медаль "Алга" футболдук клубуна тийген.

"Алай" быйылкы жылы АФК Кубогунун тайпалык баскычында оюн көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suyor
2017-02-14 16:19:03
Максадбек Алимов сенден копту кутобуз
+1
Zynk.kg
2017-02-14 21:13:14
Ушу бизде тан каласын ырчылар стадиондо концерт беришет а Футболчулар сахнада журот)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан