КИНОЗАЛ: ЭКСКЛЮЗИВ! "Концертибизге Кайрат Нуртастын катышарына ишенбей чалгандар болду" дейт "No name" командасынын оюнчусу

Бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "No name" командасынын казак ырчысы Кайрат Нуртастын катышуусундагы шоу-концерти менен толукталды.

Аталган команданын оюнчусу Кадыр Жарматов концертти уюштуруу жагы ойдогудай болбой калганын айтып, ич ара түшүнбөстүктөр орун алганы менен жалпысынан концерт жакшы өткөнүн белгиледи.

"Бул концерт Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда да болгон. Айрым күйөрмандар Кайрат Нуртастын келерине ишенбей, чалып сурап жатышты. Концертти уюштуруу иштери башка адамга жүктөлгөн. Сахна жасалгасы ойдогудай болбой калды. Негизи эле бул концерттен кийин бир аз такшалып калдык, кимдин ким экенин билдик", - деди Жарматов.

Ал эми концерттин өзгөчө номери катары экс-президент Роза Отунбаева менен президент Алмазбек Атамбаевди туураган тамаша болгонун кошумчалады оюнчу.

"Анда экс-президент менен президент аларга мүнөздүү үн жана сөздөр менен көк бөрү оюнунун жүрүшүн баяндап берип жатышкан болот. Бир маалда Роза Отунбаеванын ролун аткарып жаткан оюнчубуз сахнадан чыгып кетет. Ошол жерден күйөрмандар өзгөчө кол чабышты.

Концерттин жүрүшүндө Оштогу күйөрмандар Нуртастын артынан сүрөткө түшүүгө аракет кылышса, Жалал-Абадда тескерисинче, "бери кел, сүрөткө түшөбүз" деп чакырып жатышты", - дейт Кадыр Жарматов.

“No name” жана Кайрат Нуртастан шоу-концертти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kake90
2017-02-14 18:05:11
Не Кайрат нуртас кудай бекен
+7
rizolda
2017-02-15 02:02:12
kake90,кудай мен ырчыны айырбасын бильбейсинбы
0
Doni99
2017-02-14 18:28:05
Kyzyk ele adamdarda
+1
bond02
2017-02-14 18:56:22
Кайдагы бир казакты кумир туткан ХХХ
+4
admin_portal
2017-02-15 09:26:14
bond02, bond, этика нормаларын сактаңыздар! Эскертүү!
0
Attila88
2017-02-14 22:00:12
Жалабадские дерские
+3
nursultan93
2017-02-14 23:32:17
Мен кумир деле эмесмин бирок казакбы кыргызбы кудайым берген талант бар ошондой бийик денгелге барынарды жеткиле демекчимин
+2
konur-olon
2017-02-15 19:02:07
кайрат да ушул концерттин жасалгасы жок деп нааразы болуп кеткен уят кылбай жакшынакай кылып эле жасалгаласа болмок ишенчиликтуу кишиге тапшырып концерт коет десе эле кое бербей акчасына карап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан