Орусияда 7 тоннага жакын металл куймаларын жана 400 килограмм уулуу заттарды Кыргыз жерине алып бармакчы болгон жаран кармалды

Орусияда 7 тоннага жакын ак түстөгү металл куймаларын жана 400 килограмм уулуу заттарды Кыргыз жерине алып бармакчы болгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Урал бажы башкармалыгынын басма сөз катчысы журналисттерге билдирди.
"Екатеринбург шаарынын тургуну ал жүктү Казакстан аркылуу Кыргыз Республикасындагы коргоо заводуна жеткирмек. Металл куймаларын ок атуучу курал жасоодо, ал эми уулуу заттарды химиялык курал катары колдонсо болот. Айдоочу жүктү бажыдан "металлопрокат үчүн" деп алып өтүүгө аракет кылган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, сот аны металл куймалары боюнча 3 жылга шарттуу кести. Ал эми уулуу заттар боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Doni99
2017-02-14 18:29:02
Alyp bara turgan adamynda karmaw kk
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан