“Моника Беллуччи" командасы беш жылдан кийин алгачкы жолу жеке концертин өткөрдү

"Тамашоу" долбоорунан чыккан “Моника Беллуччи" командасы беш жылдан кийин алгачкы жолу жеке концертин өткөрдү. Концерттин жүрүшүндө "тамашоучу" жигиттер көрүүчүлөргө жаңы тамашаларды тартуулашты.

Биз бүгүн 5 жылдан кийин чогулуп күйөрмандарыбызга кайрадан концерт уюштуруп жатабыз. Бул жолу жаңы тамашаларды даярдап келдик. Анткени эл эски тамашаларга күлбөйт. Элди өзүбүзгө тартуунун жолун издедик. Бүгүнкү концертти кайрымдуулук үчүн уюштурганбыз. Кыргыз элинин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир адам бар экен. Анын ден соолугу үчүн кам көрүүдөбүз. Концерттен түшкөн каражатты ошол адамдын дарылануусуна которобуз”, - деп билдирди команданын мүчөсү Жеңиш Майрамбек уулу.

Концерттик программанын жүрүшүндө "тамашоучулар" Нурлан Мотуевди тамашага салган эпизоддорду аткарышты. Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарындагы испан аты менен кыргыз атынын ат майданында көргөзгөн оюндарынан сахналык көрүнүш көрсөтүлдү.

Концертке эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова, "тамашоучу" Азамат Исмаилов, Санжар Мыкыев катышты.

Программанын жүрүшүндө Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө", "Сахна" аттуу чыгармаларын аткарып берди. Ошондой эле "Моника Беллуччи"'командасынын сахнадагы орду бийик экендигин айтып, аларга ийгилик каалады.

Биз бүгүн концерттен эң мыкты тамашаларды көрдүк. Анткени бул командадагы оюнчуларды жакшы тааныйм. Аябай таланттуу балдар. Келинчегим экөөбүз күлкүгө сугарылып, жакшы эс алдык”, - деп билдирди "тамашоучу" Азамат Исмаилов.

Концерттин жүрүшүндө сахнадан "Жигиттер", "Ак-Өргө сити", "No name" командаларынын капитандарын да көрүп жаттык. Концерттик программанын өзгөчөлүгү, көрүүчүлөрдүн конок катары чакырылган "Тамашоу" командаларынын өкүлдөрүнө суроо берип, жооп алып жаткандыгында болду.

"Моника Беллуччи" алгачкы жеке концертин өткөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Piligrim
2017-02-14 22:49:34
Ош шаарында болот бекен йя?
-1
abdrakhmanovich
2017-02-14 22:49:38
Мен баргым келген, бирок бара албай калдым. Барбай калган жалгыз мен эмес болсом керек. Зынк болдуго э?
-1
boke8891
2017-02-14 23:01:52
интернеттен коробуз эми
-1
Kroxa
2017-02-14 23:40:08
Кайрымдуулук кылганынар эн жакшы,,онгуло оскуло ийгилик силерге..
-1
Aruwka.89
2017-02-15 01:13:50
Анжелика карыптыр
+4
KG.Kushtarbek
2017-02-15 02:18:41
малатсы аллах озу колдосун
-1
akil.91
2017-02-15 10:27:29
Группанын аты эмне учун Моника Беллуччи?
-1
Kol88
2017-02-15 12:25:09
Аябай начар команда
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан