Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Кочкор районунда 250 түк чөп күйдү

Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Мындай маалыматты 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Кечээ, 14-февралда саат 17:30 чамасында Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы турак үйдүн короосунан өрт чыккан. Натыйжада 250 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан