Ат-Башы районунда кардын салмагын көтөрө албай турак үйлөрдүн чатырлары сынууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-12-февраль күндөрү Ат-Башы районунун аймагында жааган кардын кесепетинен айрым турак жайлардын чатырлары кардын салмагын көтөрө албай түшүп кеткендиги боюнча 14-февралда Ат-Башы, Баш-Кайыңды, Ак-Муз айыл аймактарынын тургундарынан билдирүүлөр түшкөн.
"Райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Ат-Башы айыл аймагынан 2 турак үйдүн чатыры, Баш-Кайынды айыл аймагынан 1 турак үйдүн чатыры кардын салмагын көтөрө албай түшүп кетип, шиферлери сынган. Ошондой эле Ак-Муз айылындагы мурда конторага ылайыкташылып салынып, кийин жардамга муктаж айыл тургундарына берилген эки кабаттуу имараттын чатырынын тирөөч жыгачтары сынып, чатыры толугу менен түшүп кеткен. Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдын тактоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.