ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: "Келечектен келген конок" тасмасында Алисанын ролун аткарган актриса Наталья Гусева 45 жашка толду

1985-жылы экранга чыккан "Келечектен келген конок" ("Гостья из будущего") тасмасындагы Алисанын ролу аркылуу эбегейсиз атак-даңкка жеткен советтик актриса Наталья Гусева 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 15-февралда Москва облусунун Звенигород шаарында туулган. Наталья Гусева өзүн эч качан актриса катары көргөн эмес. Аны кичинесинен кызыктырган нерсе – сойлогон, учкан же жөн гана кыймылдаган курт-кумурскалар болгон. Наталья 7ге чыкканда анын үй-бүлөсү Москвага көчүп келген. 1983-жылы ал окуган класска Максим Горький атындагы киностудиядан актриса издеп келишип, жакшы окуган жана уялчаак, көп сүйлөбөгөн Натальяны тандап алышкан. Жыйынтыгында ал "Коркунучтуу, арзыбаган нерселер" аттуу 10 мүнөттүк кыска метраждуу тасмага тартылган. Ошол кезде Павел Арсенов аттуу режиссёр "Келечектен келген конок" фантастикалык драмасына каарман издеп жүрүп, Натальяга көзү түшөт. Актриса өзү да фантастиканы жактыргандыктан, бул ролго шыр макул болгон.
Мектепти бүткөндөн кийин "Актёрдук кесип мени эч кызыктырган жок. Мен эч качан сахна жана атак жөнүндө кыялданган эмесмин" деген актриса кичинесинен сүйгөн биология тармагында өз жолун улаган. Михаил Ломоносов атындагы институттун биотехнология бөлүмүнө тапшырган. Биринчи курста окуп жургөндө "Кырсык. Милиция кызматкеринин кызы" тасмасында башкы ролду ойноого сунуш түшкөн. Бирок андан баш тарткан.
1993-жылы Н.Гусева Денис Мурашкевичке турмушка чыгып, 3 жылдан кийин Алеся аттуу кыздуу болушкан. Турмушка чыккандан кийин Наталья Гусева фамилиясын Мурашкевич кылып өзгөрткөн. 2001-жылы актриса жолдошу менен ажырашып кеткен.
Наталья Гусева актёрлук карьерасында "Келечектен келген конок", "Кылымдын жарышы" ("Гонка века", 1986), "Кызгылт-көгүш шар" ("Лиловый шар", 1987), "Ааламдын эрки" ("Воля Вселенной", 1988) тасмаларына тартылган.

15-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kan_koshcoi
2017-02-15 10:24:41
Кичинемде ото катуу суйот элем "Алисаны"...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан