Каракол шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалгандар Ак-Суу районунун Ак-Чий айылынын 21 жаштагы Т.Чыңгыз жана Арген аттуу жашоочулары болушкан. Алар февраль айынын башынан тарта көчөдө токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторун уурдап келишкен. Ыкчам маалыматтардын негизинде аталган кылмыштуу топ кезектеги уурулук фактысын жасап, уурдалган аккумуляторду сатып жаткан жеринен кармалган. Алар 5 уурулук фактысын моюндарына алышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.