Бишкекте каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 13-январында Көк-Жар жаңы конушунда болгон. Анда белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирине киришип, Т.Н. жана Т.Д. аттуу эки тургундун колу-бутун таңып, ок атуучу курал менен коркутушкан. Кийин сейфтин ичиндеги 800 АКШ долларын, 5000 сом жана 5 миң долларлык зер буюмдарды, 33 миң сомдук уюлдук телефонду алып кетишкен.
"Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Б. уулу Э. кармалган. Анын жашаган жерин текшерүүгө алган учурда скотч, медициналык маска жана оюнчук тапанча табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын жанындагылар изделүүдө", - деп айтылат Бишкек ШИИББнин маалыматында.
"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан