ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: 32 жашка чыккан Акбар Сүйүнбаев "30дан ашканда токтолуп калат экенсиң" дейт

Бүгүн, 15-февралда ырчы Акбар Сүйүнбаев 32 жашка чыкты. Ага байланышка чыгып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, күйөрмандарынын жана жакындарынын куттуктоолорун кабыл алып жатканын билдирди.

"Мурдагы жылдары бул күнү апамдын жанына, айылга барып туулган күнүмдү өткөрүп келсем, бүгүн радиодо тостум. Эң биринчи болуп саат 00:00дө угармандарым куттукташты. Жашың 30дан ашканда кадимкидей токтолуп калат экенсиң, ушуну байкадым. Өздүк майрамымды кечинде досторум менен белгилейин деп жатам. Ал эми бүгүн алган өзгөчө белегим - апамдын берген калпагы болду", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы 15-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ырчы алгач "Сезим" аттуу ырын ырдап жүрүп, бирок чоң сахнага Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган "Махабатым" ыры менен чыгып, эл оозуна алынган.

15-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2017-02-17 14:49:49
Ырларын билбейт экемин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан