25-февралда Бишкек шаарында волейбол боюнча өлкө чемпиондугу старт алат. Анда Жогорку Лиганын жана Улуттук Лиганын 1-турдук оюндары өтөт. Маалыматка ылайык, Жогорку Лигада 9 команда оюн өткөрсө, Улуттук Лигада 6 команда ойномокчу. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Өлкө чемпиондугу жалпы 3 турдан турат. 1-турдук оюндар 25-февралдан 1-мартка чейин уланат.
Катышуучу командалар:
Улуттук лига: "Жаңы-Муун" (Ысык-Көл облусу), "Нацгвардия" (Бишкек), "Салам-Алик" (Бишкек), "Бажы" (Ош), "Дархан" (Ош облусу), "Улар" (Бишкек).
Жогорку лига: "Ош" (Ош), "EREM" (Бишкек), "Бишкек" (Бишкек), "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Бүркүт" (Ысык-Көл облусу), "Алга" (Бишкек), "Ош Пирим" (Ош), "Жалын" (Ысык-Көл облусу), "Энергетик" (Ош облусу).