Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 15-февралда Орусиянын Тюмень, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкорстан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн. Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде жарылган метеориттин толкунунан улам 1613 киши жабыр тартып, мамлекетке 1 миллиард рублга чейин материалдык чыгым алып келген.