Мындан 56 жыл мурун, 1961-жылы 15-февралда Нью-Йорктогу Жон Кеннеди аэропортунан учуп чыккан Боинг-707 учагы Бельгиянын борбору Брюссель шаарынын аба майданына конуп жатканда кулап түшкөн. Натыйжада учакта болгон 72 киши жана жердеги 1 адам көз жумган. Каза болгондордун арасында Чехославакияда боло турган чемпиондукка бара жаткан Америка Кошмо Штаттарынын муз үстүндө бийлөө боюнча курама командасы болгон. Кырсыкка байланыштуу 1961-жылдын муз үстүндө бийлөө боюнча чемпиондугу болгон эмес.
15-февралга карата жылнаама