SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнө жаш ырчы Айымжандын "Сен барда" аттуу казак тилиндеги ырынын клиби жүктөлөр замат жакшы пикирлер жазылды. Клип Бишкек шаарында жана Чуңкурчак өрөөнүндө тартылган. Айымжандын айтымында, бийчи Жан Воинов экөө бийлей турган аянтчаны Чуңкурчакка орнотуу эң оор болгон.
"Аны бул жактан сатып алып, унаага жүктөп, кайра Чуңкурчакка алып барып орнотуу оор болду. Ал платформа жолдон унаадан түшүп кала да жаздаган. Оюбуздагыдай кылып кураш үчүн көпкө алышканбыз. Калганы жалпысынан тез жана жеңил болгон. Бийди 3 жумадай үйрөндүк. Себеби же Жандын, же менин иштерим чыгып калып жатты. 7-8 жолу репетиция өткөрдүк окшойт. Биздин бийибиз күйөрмандарга жасалмадай болбосун дедик. Ар бир кыймылды, ар бир бир көз карашты кайра-кайра кайталап, даярданганбыз", - деди ырчы.
Айымжан Жан Воинов менен клипти тартууга чейин жакшы тааныш болбогонун айтат.
"Биз Жан экөөбүз мурун бири-бирибизди аябай жакшы тааныбагандыктан, клиптин кээ бир жерлери тартылып жатканда ыңгайсыздыктар жаралган. Репетиция маалында көздөрүбүздү карай албай, Жан мени кучактагандан уялган. Сүйлөшө турган жерлерде эмнени айтарыбызды билбей, күлүп жаттык. Бийлеп жаткан кадрларды 50 жолудан тарттык окшойт. Анткени кайра эле, бири-бирибизди тике карай албай, күлүп жиберип, кадрды бузуп сала бердик", - деди Айымжан.
Айымжандын "Сен барда" ырынын клибин көрүү үчүн бул жерди басыңыз.