Талаc шаарында 7-майда эмгектин жана спорттун ардагери Кочкубек Изабековду эскерүү урматына күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Айтылгандай, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн 1993-1995-жылы төрөлгөн 39 килограммдан 100 килограмм салмакка чейинки улан-кыздары таймашка түшөт. Мелдеш 9-майда соңуна чыкмакчы.