16-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндар уланды. Анда “Альянц Арена” стадионунда “Бавария” лондондук “Арсеналды” кабыл алды. Ал эми Мадридде жергиликтүү “Реал” италиялык “Наполи” менен кез келди.
"Бавария" (Германия) - "Арсенал" (Англия) – 5:1
Голдор: Роббен (11-мүнөттө), Левандовски (53-мүнөттө), Алькантара (56-мүнөттө, 63-мүнөттө), Мюллер (88-мүнөттө) - Санчес (30-мүнөттө)
Мюнхендик “Бавария” менен лондондук “Арсенал” акыркы жылдары Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында бир канча жолудан жолугушкан. Анын бардыгында тең немис командасы жеңип, “Бавария” Арсен Венгер үчүн коркунучтуу түшкө айланган. Кечээки беттеш да дал ошондой болду.
Оюндун 10-мүнөтү өткүчөктү үй ээсинин жарым коргоочусу Арьен Роббендин алыстан узатылган соккусу таамай болду. Коноктор оюндун жарым сааты өткөндө гана чабуулдарга өтүп, пенальтиге ээ болушту. Алексис Санчестин 11 метрлик айып соккусун Мануель Нойер тоскону менен кошумча узатылган соккусуна даяр болгон жок. Эсеп 1:1.
Экинчи таймда талаада бир гана команда болду. Ал “Бавария”. Чабуул артынан чабуул койгон мюнхендиктер 10 мүнөттүн ичинде коноктордун дарбазасына 3 гол киргизгенге үлгүрүштү. Тьяго Алькантара 2 голдун ээси болсо, Роберт Левандовски бирди киргизди.
Алмашууга чыккан Томас Мюллер оюндун чекитин 88-мүнөттө койду. Эсеп 5:1.
"Реал" (Испания) - "Наполи" (Италия) – 3:1
Голдор: Бензема (18-мүнөттө), Кроос (49-мүнөттө), Каземиро (54-мүнөттө), Инсинье (8-мүнөттө).
Учурдагы Чемпиондор Лигасынын ээси мадриддик “Реал” өз үйүндө “Наполиден” күчтүү болду. Италиялык команданын чабуулчусу Лоренцо Инсинье оюндун башында эле гол киргизип, “Сантьяго Бернабеуну” бир канча мүнөттөргө тынчтандырды.
“Наполинин” сүйүнүчү узакка созулган жок. 18-мүнөттө Карим Бензема эсепти теңеди.
Экинчи таймда үй ээси бардык күчүн сарптап, эки голду киргизгенге жетишти. Жарым коргоочулар Тони Кроос менен Каземиро 5 мүнөт аралыгында айырмаланышты. Калыстын ышкырыгы 3:1 эсебин каттады.
Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 7-мартка белгиленген.