Чүйдө атасынын өлүмүнө айыпталган жаран 18 жылга соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Сокулук райондук соту 2016-жылдын 2-ноябрында чыгарган. Ага ылайык, Руслан "адам өлтүрүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 18 жылга кесилген.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 6-апрель күнү Военно-Антоновка айылында болгон. Анда 39 жаштагы Руслан атасын бычак менен сайып өлтүргөн.