Ысык-Көл облусунда эки жаран маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-февраль күнү саат 01.30 чамаларында Түп районунда Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, кароо жүргүзүлгөн. Ошол маалда кызматтык ит баңгизатынын жытын жүргүнчүлөрүнүн биринен алат. Ал жаран Чүй облусунун Жаңы-Жол айылынын 23 жаштагы тургуну болуп чыгып, андан 163 грамм гашиш табылган.
Ошол эле күнү Ак-Суу районунда мурда мыйзамсыз баңгизатын сактоо үчүн соттолгон 50 жаштагы Качыбек айылынын тургуну И.Геннадийдин үйү санкциялык кароодон өткөрүлгөн. Кароо жүргүзүү мезгилинде кызматтык ит 270 грамм гашиш баңгизатын тапкан.
Учурда жогорудагы эки жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.