"Туңгуч" театры улуу муун менен жаш муундун мамилесин чагылдырган "Илегилек" спектаклин 21-февралда тартуулайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Жамал Сейдакматова билдирди.
"Автору Султан Раев, спектаклди да өзү коюп жатат. Ал улуу муун менен жаш муундун байланышы тууралуу. Өзүм инсульт болгон карыянын ролун аткарам. Менден сырткары жаш, таланттуу актёрлор да катышышат. Спектакль оор, себеби анда эч кимге кереги жок карыя, бактысы байланган жаштар тууралуу көрсөтүлүп, азыркы маалдагы көйгөйлөр чагылдырылат. Көпчулүккө жага турган чыгарма болоруна ишенебиз", - деди Жамал Сейдакматова.
Спектакль "Туңгуч" театрында коюлат. Эл арасында илегилек канаттуусун жазында алгачкы жолу көргөн адамды бактылуу болот деген кеп айтыларын кошумчалады Жамал Сейдакматова.