Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылы 16-февралда советтик жана орусиялык актёр, композитор, Орус Федерациясынын Эл артисти Борис Хмельницкий Москвада рак оорусунан каза болгон. Актёр 1940-жылы 27-июнда Приморье крайындагы Уссурийск шаарында төрөлгөн. Кекечтигинен улам театралдык окуу жайга тапшыруудан баш тартып, музыкалык мектепке кирген. Кийинчирээк Москва шаарындагы театралдык училищеге кабыл алынып, аны 1966-жылы аяктаган.
1964-1982-жылдары Москва драмалык жана комедиялык театрында актёр катары иштеп, кекечтигинен арылган. Таганка театрындагы "Добрый человек из Сезуана" постановкасына тартылгандан кийин Борис Хмельницкий уламышка айланган. Аны театрда боорукерлиги жана кайрымдуулугу үчүн Бэмби деп аташкан.