"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сүйүшкөндөрдүн образы чагылдырылган клиптердин бири Темир Назаровдун "Любимая" ырынын клиби. Ырчы клип тартуу учурунда образга кирүү кыйын болгонун айтат.
"Адамдардын баары катары менен бир болуп турганда сени эч ким байкабайт. Ошолордун арасынан бир аз эле баш көтөрсөӊ сөз кылып башташат. Замандын талабына жараша чыгарма, жаӊылык жаратуу, образ, стилди өзгөртүү зарыл болду. Өзгөчө жаӊылык жасадым деп айталбайм. Режиссёр Александр Белов клиптин идеясы тууралуу айтканда алгач биздин менталитетке туура келбейт деп тартылууга каршы болдум. Бирок ал "окшош нерселер элге байкалбай өтө берет, атыӊ чыкпаса жер өрттө" деген сыяктуу бир топ макалдарды айтты. "Ыр мага жакты, сага жардам болсун" деп бир топ көмөк көрсөттү. Ошентип анын сунушу менен олуттуу, токтоо жигиттин образын жаратууга макул болдум", - дейт ырчы.
Ал эми клипке карата айтылган сындар тууралуу буларды билдирди:
"Чөптө 6 саат жатып, тартылуу кыйын эле болду. Ооба, түрдүү сындар айтылды. Бизде экран артында отуруп, өздөрү эч бир жумуш жасабай негативди көбөйткөн адамдар бар. Негизи кимдир бирөөнүн эмгеги жакпаса, телевизордон кетип жатса өчүрүп же башка каналга которуп койсо деле болот да. Сөзсүз жагымсыз сөздөрдү жазуу керек эмес деп ойлойм.
Ошол учурда Ибрагим Жунусовдун "сен жөнүндө элдин сөз кылганы жакшы, ал эми эч ким сөз кылбаса, анда ал өлгөн ырчы, аны көмүп койсо боло берет" деген сөзү эсиме түштү. Андыктан кара пиар да болсо, пиардын бир түрү деп көӊүл бурбай калдым. Клипти өзгөчө тартылган деп айталбайм. Бирок экрандан жакшылап караса, өзүнүн энергетикасы, өзгөчөлүгү бар".
Темир Назаровдун "Любимая" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.